У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гансидеги «Семетей» госпиталында клиникалык-лабораториялар ачылат

Өкмөт 2020-жылдын аягына чейин кыска убакыттын аралыгында аткара турган бир нече багыттарды аныктады. Эӊ биринчи багыт ден соолукту коргоо жана адам өмүрүн сактоо. Бул тууралуу брифинг учурунда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.  
 
«Биз жарандарыбыздын жетиштүү медициналык жардам алуусуна болгон шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Кыска аралыкта аймактарга бардык шарттары бар ооруканаларды куруу иштери башталды. Ошондой эле мурдагы Ганси авиабазасынын аймагындагы «Семетей» госпиталы медициналык жабдуулар менен толук жабдылган 1300 орунду жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукана катары түзүлүп жатат. 1300 орундун 50 оруну реанимациялык бөлүм болуп ачылган. Ал жер да керектүү жабдуулар менен камсыз болгон. Азыр биз клиникалык-лабораториянын түрлөрүн ачуу иштери жүргүзүлүп жатат. Лабораториялар да болгон медициналык жабдуулар менен камсыз болуп, «Семетей» госпиталы инфекциялык ооруларды дарылоочу шаардын сыртындагы чоӊ борбор болот»-деди ал. 
 
«Ошондой эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги  атайын тапшырма менен «Семетей» госпиталында иштей турган медкызматкердин аты-жөнүн тактап, штаттарды түзүү иштерин алып барууда. Күзгө чейин оорукана медициналык жабдуулар жана ал жерде иштей турган медкызматкерлер менен толук камсыздалып, күз айында бейтаптарды кабыл алууга даяр болот»- деп кошумчалды Боронов. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter