У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан дарыланып жаткан 36 бейтаптын абалы оор. 11и жандандыруу бөлүмүндө...


Кыргызстанда коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 36сынын абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө стационарларда жалпы 571 киши дарыланып жатат.

"Анын ичинен 36 бейтаптын абалы оор, 11 киши жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. 155 бейтаптын абалы орточо, 380 кишиники канааттандырарлык. Өз үйлөрүндө 724 бейтап дарыланып жатат", — деди Абдикаримов.

Кыргызстанда акыркы бир суткада 205 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 3356га жетти. Анын ичинен 2021и айыгып, 40 киши каза болду. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter