Пневмония: Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Майрамбек Молдобеков каза болду
- 08.08.2020, 14:38,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Майрамбек Молдобеков 7-августта өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
52 жаштагы Молдобеков 2019-жылдан бери Мамлекеттик салык кызматынын Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Чүй жана Талас облустарындагы башкармалыгын жетектеп келе жаткан. Ал 1968-жылы Талас облусунда туулган.