Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, белгилүү композитор Кенжегазы Асанбаев 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан кабарлашты.
Асанбаев Кенжегазы Мамбетович 1946 -жылы Ысык -Көл облусунун Жети -Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган. Ал 1970-жылы Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын скрипка классында окуп, кийин 1964-жылы теориялык бөлүмүнө которулган.
Композициядан А. Жаныбековдун классында окуган. Бир эле мезгилде 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик (азыркы улуттук Баласагын атындагы) университеттин филология факультетин бүтүргөн.1968-74-жылдары В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык факультетинде,1969-жылы Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция кафедрасында мугалим болуп иштеген. 1982-жылдан СССР композиторлор союзунун, 1991-жылдан Кыргыз композиторлор союзунун мүчөсү болгон. «Каныкей» аттуу симфониянын, камералык оркестр үчүн кыргыз темасына жазылган симфониялык поэмалардын, «Кыргыз кайрыктары» аттуу симфониялык күүлөрдүн, симфониялык увертюранын, симфониялык сюитанын, труба, оркестр үчүн концерттин, «Мекен ыры» аттуу вокалдык-симфониялык поэманын, фортепияно үчүн пьесалардын автору болгон.
Чыгаан композитор кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошуп, республиканын театрларына коюлган көптөгөн спектаклдерге музыка жазган. Алар: Б. Жакиевдин «Күттүргөн
жаз да келер», Т. Абдумомуновдун «Жоробайдын жоруктары», М. Гапаровдун «Туздуу чөл» , Т Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «Саманчынын жолу», «Кыямат», «Кош бол, Гүлсары» ж. б.
Кенжегазы Асанбаев театрлар боюнча көркөм эксперттик комиссиянын мүчөсү катары да ар дайым бийик ой пикирлери менен театрларыбыздын репертуарынын жакшырышына салым кошуп келген.
Мамлекет тарабынан маданият тармагынын өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы жогору байланып ал Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамына татыктуу болгон. Ошондой эле, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институнун музыка теориясы кафедрасынын профессору, А. Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон (2001).
Үй-бүлөсүнө, кесиптештерине редакциябыздын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.