Пандемияга байланыштуу студенттер үчүн контракттын баасы арзандайбы? Министрликтин жообу
- 06.08.2020, 14:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Учурда жогорку окуу жайларда келишимдик акыны кыскартуу маселеси каралып жатат, бирок акыркы чечим чыга элек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун 2 турунун жыйынтыгы боюнча 17 миң 187 абитуриент тапшырды. Алардын ичинен 3431 – бюджеттик орундарга, 13 миң 756 – келишимдик негизде.
3-турда бюджеттик орундарга 1600гө жакын талон катталды, ал эми келишимдик негизде билим алууга 3 миңдей талон. 3-турдун жыйынтыгы чыга элек.