Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды
- 20.07.2020, 12:48,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.
Абитуриенттер министрлик сайтындагы https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.
Министрликтин маалыматына ылайык, абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт.
Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган:
1-тур — 20-22-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
2-тур — 27-29-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
3-тур — 3-5-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоосу зарыл.