У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвада баласын көчөгө таштаган кыргызстандык келин үн катты


Москвада кыргызстандык келин баласын көчөгө таштап кетти деген кабар желдей тарады. Бул кабарды укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянып "Известия" басылмасы жазды.

Баланы таштаган кыргызстандык келин 34 жашта. Ал наристесин кокустан калтырып кеткенин айткан. Шаардык прокуратура билдиргендей, наристе 4-август түнү Студенческая көчөсүндөгү турак үйлөрдүн подъездинен табылган.

"Колясканы өтүп бараткандар көрүп калып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Өздүк маалымат булактары билдиргендей, табылган бала 11 айлык. Учурда ооруканада. Наристенин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, маалым каты эле бар", — деп жазылган кабарда.

Москванын райондор аралык прокуратурасы тарабынан текшерүү иштери башталганы маалым болду. Анын жыйынтыгы менен өспүрүмдөрдүн укугун коргоо жана балдарды тарбиялоодо ата-энелик милдеттүү аткаруу иштерине баа берилет.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter