У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвада кыргызстандык келин жаӊы төрөгөн кызын сууга чөктүрүп өлтүргөн

 Москвада кыргызстандык жаран төрөп, жаӊы төрөлгөн баласын өзү жашаган үйдөгү ваннадагы сууга чөктүрүп өлтүргөн. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары укук коргоо органдарынын берген маалыматына таянып жазып чыгышты.  
 
Маалыматка ылайык, наристенин апасы 21 жаштагы кыргызстандын жараны. Ал төрөгөндөн кийин 2- июнда ооруканага кайрылып, убагынын эрте төрөгөнүн жана наристе өлүк төрөлгөнүн айткан. Бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы наристенин киши колду болуп өлтүрүлгөнүн тастыктаган.

Экспертизанын жыйынтыгынан кийин 21 жаштагы келин 7 айлык кыз төрөп, аны суу толтурулган ваннага чөктүрүп өлтүргөнү такталган жана наристенин сөөгүн үйдүн жанындагы таштандыдан табышкан. 
 
Наристени өлтүргөн эне кармалып, тергөө иштери башталды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter