У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Багып алган уулумдун өз апасы талашып жатат...


"Ымыркайды эшигимдин алдына таштап кетишкен..."
Күн жаап жаткан. 2000-жылдын күзү болчу. Кечке маал дарбаза кагылганынан сыртка чыктым. Эшикти ачсам эч ким жок, каробкада жаңы төрөлгөн ымыркай жатыптыр. Бүткөн боюм дүркүрөп кетти. Дароо баланы боорума алдым. Байкушум эч нерсе сезбей уктап жатыптыр. Алып кирсем жолдошум ордунан ыргып туруп эмне дээрин билбей калды. Соцкызматкерлерди чакыралы деди. Бирок мен баланы эч кимге бергим келген жок. Ал түнү наристени жуунтуп, кийинтип, курсагын тойгузуп, бешикке бөлөп уктаттым. Өзүмдүн 3 балам болсо да ушул наристе көзүмө өтө жылуу учурап, жүрөгүмдү ээлеп алды. Жок дегенде документ алышыбыз керек деп жолдошум баары бир тиешелүү кызматтарды чакырды. Алар милиция менен чогуу келип, териштире башташты. Жашоо-шартыңар начар экен, балдарыңар майда экен деп баланы балдар үйүнө алып кетебиз деп чыгышты. Буркурап ыйлап, баланы алып кетпегиле деп жалдырасам жаныма киши тура албайт... Ыйлап жатып баланы өзүбүзгө каттатып алдым. 

"Баккан бала таттуу болот экен..." 
Өз бала, өгөй бала дебей балдарым менен кошо өстүрдүм. Уулум заңгыраган жигит болуп чыга келди. Ушул жылдар көчөдө ким ага жолукту, ким эмне деп жиберди деп санаам сан болуп жүрүп карыдым. Баккан бала өз балаңдан да таттуу болот экен. Анын устүнө ушул балам өзүмө окшош. Билбейм, кудай мага атайын берип жибергендей көздөрү жайнап кудум эле менин жаш кезимдей. Өзү да апама эң эле окшошу менмин деп дардалактап эже-байкелерин чычалатып калат. Уулумду багып алганыбызды балдарым деле билбейт. Бул чындыкты бир гана мен билем. Себеби жолдошум да узак оорудан улам 5 жыл мурда дүйнөдөн өтүп кеткен.

"Баламды өз энесимин деп бир аял талашып жатат..."
Канча жылдан бери баламды бирөө колумдан жулуп кетүүчүдөй коркуп жашадым. Азыр балам 20 жашка чыгып, койкойгон жигит болду. Мектепти жакшы аяктап, Россияга кеткен. Ал жакка жакшы окуганынан тандалып отуруп, конкурс менен окууга өтүп кеткен. Апакелеп күнүгө чалып турат. Бирок тынч жашоомо бир аял бүлүк салып баштады. Адаттагыдай эле иштен келе жатсам алдымдан 40-45 жаштар чамасында бир аял тосуп чыкты. Акмалап көптөн бери жүргөнүн айтып "20 жыл мурда таштап кеткен баланын энесимин, аргасыздыктан таштагам. Андан бери турумушка чыгып балалуу боло албай келем. Уулумду бериңиз, сизге ыраазымын"  деп төбө чачымды тик тургузду. Эч кандай бала багып алган эмесмин, ал баланы өзүм төрөгөм деп бакырып ыйлап, урушуп, кубалап жибердим. Азыр муунум калчылдап, өзүмдү кармай албай турам. Кимге айтаарымды билбей силердин редакцияңарга кат жазып жатам. Атымды, баламдын атын да атагым келбейт. Элден кеңеш сурайм. Бул аял балама жолукса эмне болот? Балам кетип калса кантем?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter