Айт намазынын окулаары же окулбасы кырдаалга жараша чечилет
- 21.07.2020, 18:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Адатта курман айтта айт намазы аянтта окулуп келген. Быйылкы кырдаалга байланыштуу маселе эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айт намазынын окулушу же окулбашы боюнча маселе учурда каралып жатат. Бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бул маселе боюнча 3-4 күндүн ичинде так маалымат беребиз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.