У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кечээги “Тез жардам” унаасы айдоочунун катасынан бузулган

Кечээ «Боом» капчыгайында бузулуп калган «Тез жардам» унаасы айдоочунун катасынан улам бузулган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурган маалымат жыйында Дүйнөлүк банктын техникалык консультанты Вячеслав Радченко автоунаа айдоочунун катасынан улам бузулганын билдирди.
 
“Айдоочу блокировканын системасын өчүргөн эмес. Ал система жаман жолдордо гана колдонулушу керек болчу. Ошондуктан, автоунаа бузулуп калган”,-деди ал.
 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, "Тез жардам" автоунааларынын сапаты баасына туура келет жана тендер мыйзам чегинде өткөн. 
 
Эске салсак, Ысык-Көл облусундагы ооруканага бөлүнгөн «Тез жардам» автоунаасы 16-июлда Боом капчыгайында бузулуп калганы тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter