У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК 21 миллион сомдон ашык акчага тендер өткөрөт...


Борбордук шайлоо комиссиясы 21 миллион сомдон ашык акчага тендер өткөрөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталына чыкты.

Ага ылайык, БШК 21 миллион 121 миң 200 сомго шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүнү көздөп жатат. 3-июлда жарыяланган тендер 24-июлда соңуна чыгат. Жеңүүчү тарап өз автоунаасы менен 1-августтан 6-октябрга чейин 60 миң чакырым жол жүрүп, жүргүнчү жана жүк ташуу менен алектенет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу президенттин Жарлыгы 3-июлда күчүнө кирди. 

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter