Бузулуп калган тез жардам унаасы тууралуу министрлик үн катты
- 17.07.2020, 10:00,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Интернетте жаңы эле алынган Тез жардам кызматынын автоунаасы бузулуп калыптыр деген видео желдей тараган. Видеодон Ысык-Көлгө кетип бара жаткан жолдо бузулуп, токтоп турган ГАЗ "Соболь" автоунаасын көрүүгө болот. Аталган видео тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги үн катты.
"Боом капчыгайында бир аз жеринен техникалык кемчилдик кетип калыптыр. Автоунааларды алып келген компаниянын атайын бригадасы жөнөтүлдү, алар берген кепилдигинин негизинде карап беришет. Учурда автоунаа Чолпон-Ата шаарында токтоп турат, аны кароо үчүн адистер келе жатат", — деп айтышты министрликтен.