У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ноокатта 55 жаштагы дарыгер каза болду

 Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.  

«Айчүрөк Келдибекова Ноокат райондук ооруканасында COVID-19 илдетине чалдыккан адамдарды дарылап, иштеп жаткан. Ал тажырбайлуу дарыгер, мыкты жетекчи эле. Тилекке каршы, 55 жашында каза болуп калды. Учурдан пайдаланып анын жана ооругандардын өмүрүн сактайм деп иштеп жүрүп каза болгон Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинайдын жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз. Ушундай оор кырдаалда өз өмүрлөрүн тобокелге салып иштеп жаткан кесиптештериме таазим кылам»,-деди Акматова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter