У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өз каалоосу менен обсервацияга барып иштеп жаткан 20 жаштагы кыз каза болуп калды


Бишкектеги обсервациялардын биринде өз ыктыяры менен барып, медайым катары иштеп жаткан 5-курстун студенти каза болуп калганын Данияр Амат аттуу дарыгер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Абдан өкүнүчтүү, жаш экен, энтузиазм жана мекен алдындагы милдет анын ишке чыгуусуна түрткү болгондур. Анан дагы обсервацияларда реанимациялык иш-чаралар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Интубациялык мешоктор, амбулатордук каражаттар, ларингоскоп, шокко каршы аптечка да жок. Адамды сактап калуу үчүн негизги атрибуттар жок. Студенттер, ыктыярчыларды ишке чакыруу менен аларды отко салып беришти. Балким, аларды жок дегенде 2 апта окуудан өткөрүү керек эле. Юридикалык жактан көптөгөн суроолор жаралууда. Силер ата-энеңер үчүн жалгызсыңар, бул орду толгус жоготуу", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Ал эми атын атагысы келбеген окуянын күбөлөрүнүн бири маалымат булактарына кыз жүрөк оорусунан каза болгонун айтып берди. Анын айтымында аталган ооруканада жалаң жаштар иштейт, алар өтө сезимтал болгондуктан ар бир бейтап үчүн жүрөк оорутуп, оор кабыл алышууда. Кыздын каза болушу да жүрөгүнө өтө жакын кабыл алуудан болгон. 

"Бул кейиштүү окуя кечээ, 13-июлда Бишкектин борборунда жайгашкан мейманкана-обсервациялардын биринде болгон. Каза болуп калган кыз болгону 20 жашта экен. Обсервациядагылар "Тез жардам" чакырышты. Медиктер өмүрүн сактап калууга жан үрөп жатышты. Тилекке каршы жаш кыз каза болуп калды. Менин айткым келгени ал жакта жалаң жаштар иштейт экен. Жаштыгы менен көп нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алышат окшойт. Себеби жаш кызды жүрөгүнөн кармап каза болду дешти", - дейт күбө.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter