У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Барымтага алынып бычак жеп каза болгон келиндин артында 3 баласы калды

Зөөкүр эркек барымтага алып бычак жеп каза болгон Мээрим тууралуу атын атагысы келбеген анын жакын адамы бизге буларды айтып берди: “Каза болгон Мээрим 1992-жылы Суусамырда туулган. Мээрим буга чейин турмушка чыгып  ажырашкан 2 уул 1 кызы болгон.  Болжол менен зөөкүр күйөөсү менен баш кошконуна бир жарым жыл болгон. Ал күйөөсү тууралуу мурда үйлөнбөгөн Токтогулдук бала, түшүнүктүү бала деп айтып жүрчү. Бул каргашалуу окуядан кийин бизге анын үйлөнгөнү жана буга чейин түрмөгө отуруп чыкканын билдик. Мээрим менен кол үзүшкөнүнө көп убакыт болсо да ага тынчтык бербей анын иштеген жерине аңдып келе берген. Андан качып жаңы эле жумуш ордун которгон. Мээрим жакында Ысык-Көлгө турмушка чыкмак. Аны угуп алып “сен мени менен жашайсың же болбосо өлтүрүп тынам“-деп коркутуп жүргөн. Акыры зөөкүр өз мүдөөсүнө жетти. Биринчи турмушундагы улуу баласы Мээримдин колунда болчу. Эки баласын мурунку жолдошу менен бирге ортодо карашчу. Маркумду 18-июнда кыргыздын каадасы менен колдон алып кетишмек”- дейт каза болгон келиндин жакыны. 
 
Эске сала кетсек, Бишкекте эки күн мурун болжол менен саат 19:50дө Дэн Сяопина көчөсүндө 36 жаштагы киши мас абалында кызганычтан улам аялын бычак менен барымтага алган. Аялды куткарууга аракет кылгандарга бычак шилтеп, эч кимди жолотпой койгон. Учурда териштирүү иши жүрүп жатат.
 
Булак: Багыт
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter