Коронавирус 2, пневмония 45 адамдын өмүрүн алды
- 14.07.2020, 10:13,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде тилекке каршы, коронавирустан 2, пневмониядан 45 бейтап каза болду. Бул тууралуу кооомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде айтты.
Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял 67 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 147 кишини түздү.
Бир сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Алардын ичинен 23 адам республика боюнча жана Бишкекте 22 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 497 адам.