2-июлда 4 адам коронавирустан каза болду
- 02.07.2020, 10:13,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн суткада Кыргызстанда төрт адам коронавирустан каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Жугуштуу оорудан көз жумгандар өлкөнүн үч аймагында катталды.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 71 жаштагы эркек киши;
Ноокат аймактык ооруканасынан 70 жаштагы эркек киши;
Кочкор аймактык ооруканасынан – 69 жаштагы аял жана 56 жаштагы эркек киши.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгондордун саны 66 кишини түздү.