У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орун бар болуп туруп оор абалдагы бейтаптарды кабыл албай койгон оорукананын жетекчилерине чара көрүлөт

Бул тууралуу 9-июлдагы онлайн брифинг учурунда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады. 
 
«Акыркы учурларда социалдык тармактарда оор абалда барган бейтаптарды кабыл албай, оорукананын эшиктерин жаап алган видеолор көп тарап жатат. Бул көйгөйдү чечүү максатында кечээ премьер-министрдин тапшырмасы менен вице-премьер-министр Аида Исмаилованын жетекчилигинде кеӊешме өттү. Кеӊешмеде эгер ооруканада орундар сатылып же орун бар болуп туруп оор абалдагы бейтаптарды кабыл албай, эшиктерин жаап алган учурлар болсо, ошол оорукананын жетекчилигин кызматтан алуу боюнча тапшырмалар берилди»,-деди Акматова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter