У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гумжардамга берилген ун базарларда сатылып жатабы?..


Карантин учурунда жардамга муктаж болгондор арбын. Мына ушундай шартта колунда жок, жону жукаларга жардам катары берилип жаткан Мамрезервдин уну базарларда сатылып жатканы боюнча социалдык тармактарда сүрөттөрү менен маалыматтар тарап, элди нааразы кылууда. 

Тарап жаткан маалыматта Бишкек шаарынын «Чынар» базарында Мамлекеттик материалдык резерв фондунан берилген ун сатылып жатканы көрсөтүлөт.

Буга дейре өкмөт тарабынан жардам алып жаткан жарандарга берилип жаткан азык-түлүктүн баасы өз баасынан бир топ кымбат бааланып берилип жатканы да коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. 

Бирок мындай маалыматтар чындыкка туура келбей турганын «Азаттыкка» Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев айтып чыкты. 

Бул боюнча Түлөбаев: «Чынар» базарына түшүрүлгөн ун - №19 муниципалдык башкармалыкка берилген ун. Ун ал базарга түшүрүлүп, эки күн ичинде ошол жерден аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилген. Сатылган эмес. Мамлекеттик материалдык резерв фондунан гуманитардык жардам катары берилген ун, кумшекер жана башка азыктар эч качан сатылбайт. Ага биз башыбыз менен жооп беребиз», - деп билдирди. 

Мамлекеттик материалдык резерв фондунан Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 600 тонна ун, 90 тонна кумшекер берилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter