Бүгүн дагы 42 адам пневмониядан ажал тапты
- 09.07.2020, 10:12,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде пневмония оорусунан 42 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматов брифинг учурунда билдирди.
Ушуну менен өпкөнү сезгенткен илдеттен көз жумган адамдардын саны (март айынан бери) 310го жетти. Кечээ бир суткада пневмония 44 адамдын өмүрүн алганы айтылган.