1-июлда 5 адам коронавирустан көз жумду
- 01.07.2020, 10:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 жуктурган беш адам айыга албай каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Соңку учурларды кошкондо Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен вирустан 62 адам ажал тапты. Кечээ, 30-июнда, жети адамдын каза болгону кабарланган эле.