Өткөн суткада пневмониядан 23 адам кайтыш болду
- 03.07.2020, 10:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн суткада Кыргызстанда ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (COVID-19 тастыкталбаган) 23 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, учурда бул илдетке кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичнен 337 адамдын абалы оор, 112 киши реанимацияда.
Март айынан бери Кыргызстан боюнча пневмония оорусуна 2508 адам чалдыккан, анын арасынан 664ү айыгып чыкты.