У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда бир суткада коронавирустан дагы эки киши каза тапты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы эки киши каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 85 жаштагы аял киши Улуттук фтизиатрия борборуна пневмония дарты менен оор абалда жаткырылган. Ал жактан лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндө коронавирус аныкталган. Ошондон кийин Кыргыз-түрк ооруканасына которулуп, дарыланып жаткан. Бирок кечээ медиктердин реанимациялык аракетине карабастан көз жумган.

Ал эми Жалал-Абаддын Сузак районундагы 53 жаштагы эркек киши кан рагы менен ооруп жүргөн. Дарыланып жүргөн убакта коронавирусту жуктуруп алган. Өзүнүн баштапкы дарты күчөп, ал дагы каза болуп калган.

Министрдин орун басары түшүндүргөндөй, экинчи бейтап негизги оорусунан, тагыраагы, рак илдетинен каза болду деп эсептелинет. Эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен коронавируска чалдыккандар инфекциядан жана өз оорусунан көз жумду деп бөлүнө баштай турганы кошумчаланды.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус аныкталып көз жумгандардын саны 28 болду.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter