Коронавирус илдетинен 7 адам каза болду
- 07.07.2020, 10:27,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
7-июлда өлкө боюнча коронавирус илдетинен 7 адам каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалагынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 85 жаштагы 1 эркек киши, Ош облустар аралык ооруканасында 79 жашта жана 62 жаштагы бейтаптар, Ысык-Көл облустук ооруканасында 61 жаштагы врач-педиатр, Жалал-Абад облустук ооруканасында 58 жаштагы, Талас облустук ооруканасында 61 жаштагы, Жайыл аймактык ооруканасында 57 жаштагы киши каза болду.
Жалпысынан республика боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 99га жетти.