Аялынын мойнуна дөӊгөлөк асып сабаган киши сот залынан бошотулду
- 02.07.2020, 11:44,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк асып алып сабаган кишини Сузак райондук соту күнөөлүү деп таап, эки жылга шарттуу түрдө кесип, сот залынан бошоту. Бул боюнча Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюму билдирди.
Сот пробациялык мыйзамдын негизинде айыпталуучунун жүрүм-туруму жана кылган кылмышынын кесепетин эске алып чечим чыгарган. Айыпталуучуга бир катар шарттар коюлган, эгер ал аны аткарбаса эркинен ажыратылат.