У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялына дөңгөлөк байлап, сабаган жарандын иши сотко өттү


Мурда-кийин адам баласы көрбөгөн кордукту аялына көрсөтүп, моюнуна эки дөңгөлөк байлап, колун таңып,  башынан ылдый чакалап суу куюп шылдың кылуу максатында видеого тарттырган кишинин сотко өттү. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы аялга кордук көрсөтүү боюнча чуулуу фактыны иликтөө ишин аяктап, материалдарды сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы окуя 8-июнда Сузак районундагы айылдардын биринде катталганын тактаган.
Милиция кордук көргөн 47 жаштагы аялдана арыз алып, аны сабоого шектүү күйөөсүн кармаган. Факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин баштаган. 13-июнда зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы киши 15 күнгө камалган.

Кийин аял кайра күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып берген. Милиция ага карабай тергөөнү уланткан.
Бул боюнча маселе 14-июнда өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында талкууланды. Парламент имаратынын алдында аялдарын укугун коргоого байланыштуу бир нече акция өттү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter