У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Досалы Эсеналиев: "Канчалык сактанганыма карабай, коронавирус менден да чыкты"


Президенттик аппараттын дагы 9 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалпысынан аппаратта оору жуктургандардын саны 17ге жетти.

Илдет жуккандардын арасында аппарат башчысы Досалы Эсеналиев да бар. Эсеналиев үйүндө дарыланып жатканын билдирди.

"Бардык карантиндик шарттарды сактаганыма карабай, тапшырган анализдердин жыйынтыгы менен коронавирус менден да тастыкталды. Үй-бүлөмдөн алынган тест таза чыкты. Учурда үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонуп, өз алдымча үй шартындагы режиминде иштеп, врачтан тиешелүү консультация алып, дарыланып жатам. Кудайга шүгүр, оору жеңил формада өтүүдө.
Бардыгыңыздарга ден соолук каалайм, сактансаң - сактайм дейт, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бекем карманып, бул илдетти ынтымакта, биримдикте жеңип чыгалы. Эң негизгиси адистердин айткандарын кылалы, дарыгерлерге күч-кубат каалайлы", - деп жазган ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter