У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус табылып, айрым кызматкерлери аралыктан иштөөгө жөнөтүлдү



Кечээ, 22-июнда Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталгандыгына байланыштуу бүгүнтөн баштап айрым кызматкерлерин үйдөн иштөөгө жөнөткөнүн билдирди. Буга чейин Улуттук банктын эки кызматкеринен коронавирус табылган. Алар учурда дарыланып жатышат, оору жеңил өтүп жатат. 

Санитардык эрежелерге ылайык коронавирус аныкталгандар менен байланышта болгон башка кызматкерлер карантинге жөнөтүлүп, ПЧР – анализдин жыйынтыгын күтүп жатышат. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен, Бишкек, Жалал-Абад мэрлеринен, Жогорку Кеңештин эки депутатынан, үч кызматкеринен коронавирус аныкталганы кабарланган.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter