У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз улуттук консерваториясынын ректорлук кызматына сынак жарыяланды



Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук  консерваториянын жетекчиси кызматына талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу 2-июль саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. 
Маалыматка ылайык, консерваториянын жетекчиси кызматына талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат:
•         ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчиликке талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;
•         талапкердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);
•         талапкердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар;
•         Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесине ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчиси кызматына талапкерге коюлучу талапты ырастаган тиешелүү документтер.
Арыздар (ага тиркелген документтер) төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары,  Жантошев көч., 115, т. 57-02-25,  57-95-02, conservatoria93@mail.ru

Эске салсак, ушул күнгө чейин окуу жайды КР эл артисти, композитор, педагог Муратбек Бегалиев жетектеп келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter