У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык 27-майда биринчи талапкерге ыйгарылат


Заманыбыздын чыгаан акындарынын бири, болгону 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өтүп кеткен Зайырбек Ажыматовдун атын алып жүрүүчү адабий сыйлык уюштурулганын анын жакын досторунун бири, «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу, журналист Олжобай Шакир жазып чыкты. Анын айтымында  «РухЭш» сайты  жана «Роза Отунбаеванын демилгелер фонду» тарабынан аталган сыйлык уюштурулуп,  жыл сайын Зайырбек Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки бир гана акынга ыйгарылат.

Сыйлыктын максаты – жаңы ысымдагы жаш таланттарды колдоо. Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын Жобосу жана аталган сыйлыкка татыктуу талапкерлерди тандоо критерийлери «РухЭш» сайтынын алдындагы «Казына» адабий эксперттер тобу тарабынан иштелип чыгат.

"Арабыздан эрте өтүп кеткен калемдешибиз Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү деп аныкталган талапкер акынга уюштуруучулар тарабынан атайы диплом жана 100 000 (жүз миң) сом ыйгарылат! Бул сыйлыкты уюштуруу иштериндеги кошумча маалыматтар жана сыйлыктын Жобосу жакынкы күндөрү жарыяланат. Аталган сыйлык 2021-жылдын 27-майы күнү эң биринчи талапкерге ыйгарылат!" дейт маалыматта. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter