Бишкекте жаңы оорукана курулмай болду
- 22.06.2020, 12:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте Корея мамлекетинин каржылоосу менен республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын аймагына дагы бир жаңы оорукананын курулушу күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда маалымдады.
"Бүгүн Жогорку Кеңеш жаңы оорукананы куруу боюнча документти карайт. Эгер депутаттар аны ратификацияласа, курулуш иштери башталат. Документтеринин баары даяр. Оорукана 130 орунга ылайыкташылып, заманбап жабдуу менен камсыздалмакчы", — деди Абдикаримов.