У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлзат Мамытбек камалып кетиши мүмкүнбү? Анын уулу Президенттен жардам суроодо...


Дүйнөдө балдардын жүрөгү ооруп, эне менен бала ажырабасын. Өзүн "кыргыздын деми" деп атаган Гүлзат Мамытбекке издөө салынгандыгы тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. Ал мурдагы жолдошу тарабынан ажырашып кеткенине 4 жыл болгонуна карабай кордук көрүп келе жатканын айтып, дүйнөлүк жалпы лидерлерге кайрылуу жасады. Көп өтпөй анын уулу да Президентке жана башка лидерлерге кайрылып, апасына жардам берүүнү өтүндү. Жаш баланын ыйлап тарткан видеосунан атасы тарабынан бир гана жолу эмес, бир нече ирет коркутуулар болгондугун көрүүгө болот.



Ал эми Гүлзат Мамытбектин мурдагы жолдошу ал  укук коргоо кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөнүн айтып чыкты. Маалыматты Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан ырасташып, ырчыга карата "алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Учурда Орусияда жүргөн Гүлзат Мамытбек болсо ал эч кайда качпаганын, ажырашканына 4 жыл болсо да шылдыңдоо, уруп-согуу, басмырлоодон арыла электигин айтты.


"Менин үстүмөн арыз жазгандар боюнча билем. Бул иштин артында ким турганын дагы билем. Мен англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккам. Ал тиркемени ишке киргизүүдө мага каржы жагынан инвесторлор жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго каражатты убагында төлөй албай калдым. Бирок аларга акырындык менен акчаны кайтарып жаткам. Мурдагы күйөөм ошол адамдарды таап, менин үстүмөн арыз жаздырыптыр. Азыркы учурда мага издөө жарыяланган. Менин Москвада экенимди баары билишет, карантинге байланыштуу бул жактан кете албай жатам. Мен башка өлкөдө болсом дагы бардык тиешелүү иштерди жасайм, аягына чейин күрөшөм", - дейт ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter