Гүлзат Мамытбек: ""Мындай кылба" деген нерсени кылыш керек!"
- 09.04.2020, 14:42,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Дүйнө эли кооптонгон вирустан Гүлзат Мамытбек гана коркпойт. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу "Коронавирус, моранавирус, таранавирус деген жок! Ишенбе боорум! Бул жөн эле долбоор" деп элдин башын айландырган видеолорду жарыялап жаткан. Акыркы күндөрү бийлеген видеолорун тынымсыз киргизе баштагандан улам катталуучулары "Сизге мындай жарашпайт экен, бийлебей эле коюңуз" деген өңдүү пикирлерин калтырышкан. Бирок агымга каршы чыга берген Мамытбек мындай пикирлерге жооп берди.
"Мындай тик-токторду тартпа деген сөз канча көп айтылган сайын тарта берем! Мен жашоодо бир нерсени түшүндүм. Канчалык андай кылба деген сайын ошол нерсени кылыш керек экен! Анткени башкалардан бөлүнүп туруум керек" дейт өзүн дүйнө шыктандыруучусу атаган Мамытбек.