У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кимсановдун СИЗО-1де сабалышы боюнча сотко чейинки тергөө иши башталды


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун СИЗО-1де сабалышына байланыштуу Жазык кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») менен сотко чейинки тергөө иши башталганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш Кимсановдун арызынын негизинде козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөөнү Башкы прокуратуранын атайын прокуратура кызматы жүргүзүп жатат.
 
Эске салса кетсек, Эмилбек Кимсановдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Кимсановдун №-1 тергөөгө абагында   сабалып жатканы тартылган видео далил колуна тийгенин билдирип, видеону 16-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган. Тасмада белгисиз эки адам бир кишини мыкаачылык менен сабап жатканы көрүнүп турат. Жактоочу видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирген.

 18-июнда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери менен жолугушкан учурда видеодогу тепкиге алынган киши өзү экенин Кимсанов да тастыктаган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter