Эмил Кимсановдун СИЗО-1де катуу сабалган видеосу тарады…
- 16.06.2020, 14:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында Эмилбек Кимсанов катуу сабалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева социалдык баракчасына жазды.
«Кече, СИЗО-1де Э. Кимсановдун сабалганын далилдеген видео тасма алдым. Видеода эки адам Кимсановду катуу сабап жатканын көрүүгө болот. Кимсановду административтик ресурстарды колдонуп камакка алып, СИЗО-1ге атайын эле зомбулдукка таштап койду дегенге бул видео далил эмеспи? Аны ал жакта күтүп турушкан, кожоюндарына очет бериш үчүн ур- токмок учурду видео тартышкан. Мурда да биз Кимсановдун ур-токмоко дуушар болгон сүрөттөрүн жарыялаганбыз, ал СИЗО-1ге кирген күнү эле ур-токмокко дуушар болгон»-деди Сүйүнбаева.