У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмилбек Кимсанов 1-СИЗОдо сабалды…


Москвадан кармалып Бишкекке жеткирилип, 1-СИЗОго камалган мурдагы бажы кызматкери Эмил Кимсановдун сабалганын анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. 

Ал бул туурасында: «Мага түнкү саат 3тө жашыруун шарт менен СИЗОдо Э.Кимсановдун сабалганын кабарлашты. Анын камерасына 3 адамды жайгаштырып, өмүрүнө коркунуч жаратышууда. Мен нөөмөттө тургандарга телефон чалсам, мага иш күнү болбогондуктан кимдир бирөөнү текшерүүгө жибере алышпасын айтышты. Анда эмнеге СИЗОнун кызматкерлери нөөмөттө турушат? Мамлекет камакка алган соӊ, айыпталып жаткан адамдын ден соолугуна, өмүрүнө жооп берет», - деп билдирди.

Бул окуя боюнча Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы расмий маалымат бере элек.

Эске сала кетсек, учурда Кимсановдун айтылуу Райым Матраимов менен келишпестиги коомчулукта кызуу талкууланып жатат.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter