У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Египеттен 47 кыргызстандык кайтып келди


Бүгүн, 19-июнда Египеттен 47 кыргызстандык кайтып келди.  Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, жарандар Египеттин "Air Cairo" авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Каир шаарынан Алматыдагы эл аралык аэропортко конуп, андан кийин Бишкекке атайын транспорт менен алып келинген.Кайтып келген 26 студент менен 21 киши буга чейин Египетке турист катары жана жеке (конок катары) максат менен барышкан. Ушул жылдын март айынан кийин артка кайта албай калышкан.

Алар тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.
Коронавируска байланыштуу каттамдардын токтошунан улам чет мамлекетте калып калган жарандарды алып келүү иши уланып жатканы кошумчаланды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter