Кыргыз-Түрк ооруканасында дарыланып жаткан бейтап коронавирустан каза болду
- 19.06.2020, 10:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
19-июнда дагы бир бейтап коронавирус илдетинен каза болгонун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, 1950-жылы туулган бейтап 7-июндан бери Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк ооруканасында дарыланып жаткан. Маркумдун өнөкөт оорулары болгон. Вирус жуктуруп алгандан кийин абалы оорлошуп, медициналык жардамга карабай каза болгон.
Өлкө боюна коронавирус илдетинен 32 бейтап каза болду.