У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус жуккандан кийин эски оорулары козголгон аял кайтыш болуп калды


Коронавирус адамдын эски ооруларын козгоп, өлүмгө алып барат. Буга далил катары  Кыргызстанда эски оорулары күчөп каза болгон аялды алууга болот. Ал  коронавирусту ооруканадан жуктуруп алган. Бул тууралуу 6-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтап апрель айында Жайыл районунда ооруканага дарыланууга жаткан жана ошол жерден коронавирус жуккандар менен байланышта болгон. Ошондон кийин эски оорулары козголуп, абалы жакшырбай койгон:

"Боордун циррозу, эки тараптуу пневмония, олиоргандык жетишсиздик синдрому жана мээсинде шишик диагноздолгон. Дарылоо аракетине карабастан түндө каза болуп калды. Бул киши бир топ убакыттан бери дарыланып келген экен – февраль айында Улуттук фтизиатрия борборунда, апрелдин аягында Жайыл аймактык ооруканасында дарыланып жаткан учурда коронавирус жуктуруп алган бир адам менен контакт болгон экен. Жуктуруп алгандан кийин эски өнөкөт оорулары күчөп, Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканага которулгандан кийин деле абалы жакшырбай, кайра өрчүп кеткен" дейт Үсөнбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter