У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус инфекциясынан 2 адам каза болду

Бул туурасында 15- майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
 
«Тилекке каршы, Нарын облусутук ооруканасында COVID-19 вирусунан бир адам каза болду. Ал 84 жаштагы аял киши. Бир топтон бери ооруп жаткан экен. Март, апрель айларында ооруканага кайрылып жардам алып жүргөн. Кече өнөкөт оорулары козголуп келип, провизордук госпиталга алынган. Абалы оорлошуп жатканынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай ал каза болуп калган. Анализдерин текшергенде вирус жуктуруп алганы тастыкталды. Санитардык талаптар менен кече жерге берилди. 

Мындан сырткары Бишкекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан да 55 жаштагы бейтап каза болуп калды. Абалы оор болчу, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Анын да өнөкөт оорулары бар эле. Алар кайра козголуп, дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай каза болуп калды”,-деди Үсөнбаев
 
15-майга карата коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 14кө жетти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter