20-июндан тартып Казакстанда кайра карантин киргизилет
- 18.06.2020, 16:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Казакстанда чектөөлөр алынгандан кийин коронавирус жуктурган кишилердин саны кескин түрдө өсүп кеткенине байланыштуу Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар менен Экибастус шаарларында чектөө чаралары күчөтүлөт.
Маалыматка ылайык, 20-июндан тартып аталган шаарларда: базарлар, соода борборлору, парктар, аквапарктар, фитнес-борборлор жабылып, коомдук транспорттун ишине чектөө кирет. Кафе-ресторандар кардарлар арасында аралык сактап, ачык асман алдында иштейт.
Нур-Султан, Алматы, Караганды, Чымкент, Павлодар жана Экибастус шаарларынын кире беришине блокпосттор коюлат.