Карантин алынгандан кийин Казакстанда вирус жуктургандар 80%га өстү
- 29.05.2020, 12:45,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Карантин алынаары менен вирусту жеңип алгандай кубанып, санитардык талаптарды аткарбай, беткап кийбей жүргөн жарандардын айынан Казакстанда вирус жуктургандардын саны 80%га өскөндүгү маалым болду. Бул тууралуу Coronavirus2020.kz. монитордук ресурсу маалымдады.
Расмий маалымат боюнча, акыркы суткада республикада 356 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Жаңы жуктургандардын көбү Алмата шаарында. Алматыда 83, Нур-султанда 48, Батыш-Казакстан областтарында 51, Мангистау областында 40, Карагандада 34, Шамкентте 32, Чыгыш-Казакстан областтарында 21, Атырауда 21 учур катталды.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов, Республикада Өзгөчө абал алынгандан кийин COVID-19 менен ооругандар эмгек коллективдеринде жана мекемелерде өтө кескин өстү деп билдирген.