У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус илдетинен дагы бир бейтап каза болду

Коронавирус илдетинен дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу 17-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 
 
«Тилекке каршы, вирус жуктуруп алып дарыланууда жаткан 1984-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну кече каза болду. Ал Бишкек шаарындагы базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. 11-июнда Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусуна куран окутууга барган. Ошол жерде оорунун белгилери чыгып, ооруканага жаткырылган. Күндөн-күнгө абалы начарлап, жандандыруу бөлүмүнө которулуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Эки өпкөсү теӊ сезген, дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай, жүрөгү токтоп, каза болуп калды»,-деди Үсөнбаев. 
 
Маалыматка ылайык, маркум Бишкекте жүргөндө эле ооруп, бирок дарыгерлерге кайрылбай, өз алдынча дарыланып жүрө берген. Жалал-Абад облусуна барганда абалы начарлап ооруканага кайрылган. 
 
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдетинен 30 бейтап кайтыш болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter