У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин абалы оор деп бааланууда


 
Коронавирус илдетин жуктуруп алып, ооруканага түшкөн Мукар Чолпонбаевдин абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, экс-спикер Мукар Чолпонбаев учурда өз алдынча дем алалбай жаткандыктан, жасалма деп алдыруучу аппаратка кошулуп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми жубайынын абалы жакшы, ал кадимки эле палатада дарыланууда. 
 
Эске салсак, мындан сегиз күн мурда экс-спикер жана анын жубайы да коронавирус менен ооруп, ооруканага жаткырылган. Төрт күндөн соң Мукар Чолпонбаевдин абалы оорлоп жасалма деп алдыруучу аппаратка туташтырылган. Экс-төрага жубайы экөө COVID-19 инфекциясын кайдан жуктуруп алгандыгы белгисиз.
 
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө беш адам вирус илдетинин курч формасы менен жатат. Эң жашы 15теги өспүрүм.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter