Базар-Коргон районудагы беш айыл карантинге алынды
- 15.06.2020, 15:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагына караштуу Кичи Ак-Булак, Ак-Булак, Көсө-Терек, Катар-Жаңгак, Алтын-Кыя айылдары карантинге алынды. Бул тууралуу жергиликтүү башкаруу өкүлдөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Үңкүр айылынын эки тургунунан коронавирус илдети аныкталган. Алар менен төрт үй-бүлө байланышта болгон. Илдети жугузуп алгандар ооруканага жаткырылып, байланышта болгондор үй карантинине алынды.
Айылдын кире беришине карантиндик санитардык пост орнотулду.