Кыргызстанда 429 медицина кызматкери вирус жуктуруп, 339у айыкты
- 13.06.2020, 10:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын экөө Нарын облусунда, экөө Чүй облусунда катталды.
Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.
Стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Республика боюнча жалпы 429 медициналык кызматкерден илдет аныкталып, алардын ичинен 339у айыгып чыккан.