У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бала бакчада иштеген үч кызматкерден вирус табылды

Бала бакчада иштеген кызматкерлерди коронавирус илдетине текшерүү учурунда үч кызматкерден вирус табылган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-июнда онлайн брифингде билдирди. 

 «5-июндан тартып бала бакчаларды ачууга уруксат берилген. Жеке менчигине карабай, бардык бала бакчалардын кызматкерлери коронавирус инфекциясына анализ тапшырууга милдеттендирилген, анализдердин жыйынтыгында 3 кызматкерден вирус табылды. Биз тиешелүү чараларды көрүп, аларды дарылоого жаткырдык. Анализ алуу дагы уланат, бала бакчада иштеген ар бир кызматкер анализ тапшырат»,-деди  Үсөнбаев. 
 
Эске салсак, буга чейин бала бакчаларда иштеген кызматкерлер коронавирус илдетине милдеттүү түрдө анализ тапшырууга милдеттендирилген эле. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter