У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


№27 колонияда иштеген үч кызматкерден коронавирус табылды


20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда иштеген үч кызматкерден коронавирус табылганын билдирди.

Ал жаңы катталган үчөө буга чейин вирус табылган төрт кызматкер боюнча жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында табылганын айтты:

“Бүгүнкү күндө дагы үчөөнөн табылды. Баары тең лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн болчу, ошондуктан жаңылары аныкталды. Атайын дарылоого алынды. Тегерегиндеги контактта болгондор боюнча эпидемияга каршы иш жүргүзүлүп жатат”.

Буга чейин ушул колонияда жана Бишкектеги №1 тергөө абагында жалпысынан төрт адамдан вирус аныкталган.
Укук коргоо уюмдары бийликке кайрылып, абактардагы абалга көңүл бурууга чакырган.
Жаза аткаруу кызматы кооптонууга негиз жок экенин баса белгилеп келишет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter