У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук гвардиянын жоокерлеринен коронавирус табылды. Москвада өтчү парадга башкалар барат...



Улуттук гвардияда кызмат кылгандар арасынан коронавирус табылды. Бул тууралуу 12-июнда Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди, бирок так санын айткан жок.

Анын айтымында, ооруп калгандар менен чогуу кызмат кылгандардын баары обсервацияга алынды.

Мындан улам түзүлгөн абалга байланыштуу Москвадагы парадга мурда пландалган аскердик бөлүк эмес, башкасы бармай болуп калды:

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын камсыздоо бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин арасынан коронавирус жуккан бир нече адам катталды. Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасы Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына катышмак. Оору алардан табылган жок. Бирок, ошентсе да, илдеттин жайылышын алдын алуу максатында биз парадга резервдеги бөлүм барат деп чечтик”.

Басма сөз катчысынын айтымында, жалпысынан Москвага 75 жоокер барат деп пландалып жаткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter